Бийлик бир катар айыл жана айыл аймактарынын аталышын өзгөртөт

Жер-суунун аталыштарын алмаштыруу чечими жергиликтүү тургундардын жана бийликтин макулдугу менен кабыл алынат.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттик Кыргызстандагы бир катар айыл аймактарынын жана айылдардын аталыштарын өзгөртүүнү сунуштады.
Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Авторлор бул улуттук идеологияны бекемдөөгө багытталганын айтууда.
Аталаштырды өзөртүү боюнча жергиликтүү тургундардын чогулушунда чечим кабыл алынып, айылдык кеңештер, акимчиликтер, президенттин Баткен, Жалал-Абад, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы өкүлүчүлүктөрү макулдук берген.
Сунушталган долбоор:
Баткен облусунун Көтөрмө айыл аймагы — Молдо Нияз;
Жалал-Абад облусунун Назаралиев айыл аймагы — Үч-Коргон;
Ысык-Көл облусунун Семенев айыл аймагы — Кожояр;
Жалал-Абад облусунун Деш айылы — Тынчтык;
Жалал-Абад облусунун Дукур айылы — Достук;
Жалал-Абад облусунун Чек айылы — Ынтымак;
Ош облусунун Киров айылы — Кенжебай;
Талас облусунун Куру-Маймак айылы — Сатыкей;
Чүй облусунун Нижняя Серафимовка айылы — Макеш Баатыр;
Ысык-Көл облусунун Комсомольское айылы — Кытай.
Халмион – Жеңиш, Маргун – Кең-Талаа болду: Баткенде 13 айылдын аталышы өзгөрдү