БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Кытай эли өз тагдырынын кожоюну болду, ал эми кытай улутунун кайрадан улуу жаралышы тарыхтагы кайтарымсыз процесс болуп калды. Бул тууралуу Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин айтканын РИА Новости жазды.
"Кытай бекем болуп, өйдө туруп жана байгерликке жетүү үчүн абдан чоң секирик жасады. Кытай улутунун улуу кайра жаралышы тарыхтагы кайтарымсыз процесс болуп калды", — деген Си Цзиньпин XIV чакырылыштагы Бүткүл Кытай элдик жыйынынын I сессиясынын жыйынтыктоочу отурумунда сүйлөп жатып.
Анын айтымына караганда, Кытай компартиясы түптөлгөндөн кийин бардык элдин өкүлдөрүн, этникалык топторду бири-бирине тыгыз кылып, артынан ээрчитип кете алды.
"Жүз жылдык күрөштөн соң элдик кемсинүү жуулуп, кытай улуту өз тагдырынын кожоюну болуп калды", — деп белгилеген кытай лидери.
XIV чакырылыштагы Бүткүл Кытай элдик жыйынынын биринчи сессиясы 5-мартта Пекин шаарында Элдик жыйындар үйүндө ачылган. Ал бүгүн аяктайт. Сессияга өлкөнүн ар кыл аймагынан үч миңге чукул депутат келген. Өткөн аптада өлкөнүн жакынкы жылдардагы өнүгүүсүн караган бир канча документтерди угуп жана колдошкон. Андан сырткары, Кытай төрагасын, Мамлекеттик кеңештин жаңы премьерин жана коргонуу министрин шайлашкан.