Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Британия Россия менен каршылашуунун башкы приоритетин атады

Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Улуу Британиянын башкы приоритети — алар айткандай, Россиянын бүткүл европалык коопсуздукка жаратып жаткан геосаясий коркунучуна каршы туруу. Бул туурасында РИА Новости аталган мамлекеттин тышкы саясий жана коргонуу боюнча жаңыланган стратегиясында айтылганын билдирди.
"Докладда кооптуулук менен күрөшүүдөгү бир нече приоритет көрсөтүлгөн. Биринчиси жана эң маанилүүсү — Россиянын европалык коопсуздукка жаратып жаткан фундаменталдык тобокелдиктерине каршы туруу", — деп айтылган Британиянын өкмөт башчысынын офисиндеги Коргоо министрлигинин, ТИМдин биргелешкен билдирүүсүндө.
Документ өкмөттүн сайтына жарыяланган.
Мындан сырткары, акыркы эки жылда Украинадагы кырдаал британиялыктардын "коопсуздугу менен бакубаттуулугуна" тие турган кесепетин улам тереңдетип жатканы да белгиленди.
Европа Россияга каршы санкциялардын азабын тартууда