Бишкек мэриясы Исманкуловдун клиникасын жаап, буюмдарын сыртка чыгарды. Видео

Борбор калаада Алмазбек Исманкуловго таандык Көз микрохирургиясы ооруканасынын имараты бошотулду. Ал жерге вице-мэр Нурдан Орунтаев барган.
Sputnik
Бишкек мэриясынын маалымат кызматы жеринде Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин кызматкерлери иштеп жатканын билдирди.
Андан бир күн мурда муниципалдык менчик боюнча комиссиянын жыйыны өтүп, анда №6 шаардык клиникалык оорукананын №2 имаратын ижарага берүү келишимин бузуу жана бошотуу чечими кабыл алынган.
Видеодон көрүнгөндөй, клиникага вице-мэр Нурдан Орунтаев барып бошотушун талап кылган. Жетекчилиги келишимдин мөөнөтү бүтө электигин айткан. Бирок Орунтаев келишим токтотулганын билдирип, өзү менен кошо келген ондогон адамга буюмдарды сыртка чыгарууга буйрук берген.
Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын №6 клиникалык ооруканасынын 2-корпусунун имараты жеке жактарга ижарага берилүүгө болбой тургандыгына жана ооруканаларда орундардын кескин жетишсиздигине карабастан ижара акысын атайылап азайтуу менен мыйзамсыз берилип, мамлекетке 93,2 миллион сом зыян келтирилгени айтылган. Бул факт боюнча прокуратура "Коррупция" беренеси менен иш козгоп, 9-февралда Алмазбек Исманкулов менен Бишкек мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы боюнча департаментинин башчысы Талант Рыскулбек уулун кармаган. Алар эки айга тергөө абагына киргизилген.
Тема боюнча:
Башкы прокуратура Алмазбек Исманкуловду жана мэриянын кызматкерин кармады