Жаан-чачындуу болот. Кыргызстандагы бир жумалык аба ырайы

Өлкө боюнча аймактарда жуманын башында жана аяк ченинде жамгыр жана кар жаайт.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумага карата Кыргызстандагы аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Чүй

Жуманын баш жагында, 12-13-мартта, көпчүлүк аймактарда жаан, ал эми тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 14-15-мартта күн ачык болот. 16-17-18-март күндөрү кайрадан жаан-чачын жаайт.

Талас

Облуста 12-13-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаай турганы айтылат. 13-мартта күндүз жана 14-17-мартта күн ачык болот. 18-мартта айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад

12-13-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Ошондой эле 17-18-мартта айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Баткен

12-мартта күндүз айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Ал эми 13-мартта күндүз жана 14-17-мартта күн ачык болот. 18-мартта айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.

Ысык-Көл

12-мартта күн ачык болот. Ал эми 13-мартта айрым аймактарда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Кайра 14-15-мартта күн ачылат. Ошондой эле 16-мартта кар, жамгыр жаайт. 17-мартта күн ачык болсо, эртеси кайра эле жаан.

Нарын

Аймакта 12-мартта күн ачык. 13-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде кар жаайт. 14-15-16-мартта түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Ал эми 16-17-19-мартта кар жаайт.
Келе жаткан жумага карата Ош облусунда күтүлгөн аба ырайы