22 градуска чейин ысыйт. Баткен облусундагы бир жумага карата аба ырайы

Алдыдагы аптада өрүкзарлуу өрөөндө күн 22 градуска чейин жылыйт.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги бул жумада Баткен облусунда күтүлгөн аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Синоптиктердин айтымында, 13-мартта түнкүсүн жамгыр жаап, күндүзү басылат. Ошол бойдон 17-мартка чейин күн ачык болот. 18-19-мартта айрым жерлерде жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот.
Алдыдагы аптада Баткендин өрөөндөрүндө күн 22 градуска дейре жылыйт.
Шашылыш билдирүү. Бүгүн, эртең жаан жаап, айрым жерлерди суу капташы мүмкүн