БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Мурда бажы тармагынан саналуу адамдардын чөнтөгүнө миллиарддаган акчалар агып кирип турган. Ал система азыр жок. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине курган маегинде билдирди.
Өлкө башчы коррупциялык системаны 2021-жылы жойгонун, ал бийлик башында турганда мындай коррупциялык система болбой тургандыгын айткан.
“Мурда бюджетке 38 миллиард сом чогултуп жүргөн бажы тармагы 2022-жылы 78 миллиард сом топтоду. Бул мурда сол чөнтөккө түшүп жүргөн 40 миллиард сом бюджетке түштү деген сөз. Бул жылы 90 миллиарддан ашырасыңар деп план коюп бердим”, — деди Садыр Жапаров.
Президент коррупция толугу менен жок боло электигин, азыр майда-чүйдөсү бар экендигин айтты.
“Пенде болгондон кийин пендечилик кылышат экен. Кармалып жатышат. Уурдаганын эки-үч эселеп кайтарып берип бошоп жатышат. Бара-бара майда-чүйдө коррупцияны дагы жок кылабыз. Убакыт керек”, — деп кошумчалады Жапаров.