Режиссёр Марат Сарулунун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду

Коштошуу зыйнатына чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү катышты.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. КРдин эл артисти, кинорежиссёр жана сценарист Марат Сарулу акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлады.
1 / 4

КРдин эл артисти, кинорежиссёр жана сценарист Марат Сарулу акыркы сапарга узатылды

2 / 4

Коштошуу зыйнатына маданият министри Алтынбек Максутов баштаган чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, кесиптештери жана жалпы коомчулук катышты

3 / 4

Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди

4 / 4

Марат Сарулу 9-март күнү 66 жашында көз жумган

Коштошуу зыйнатына маданият министри Алтынбек Максутов баштаган чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, кесиптештери жана жалпы коомчулук катышты.
Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди.
Марат Сарулу 9-март күнү 66 жашында көз жумган. Анын соңку белгилүү кинокартинасы "Көч" деп аталып, эл аралык бир нече сыйлыктарга татыган.
Ааламды аңтарган социалдык темаларды ачкан. Режиссёр Марат Сарулуга арналган некролог