Мамлекеттик карызды тейлөөгө жыл башында канча каражат жумшалды

Быйыл мамлекеттик карызды тейлөөгө 48 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнөт.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. 2023-жылдын январында Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө 2 миллиард 11,8 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин сайтында айтылат.
Анын 1 миллиард 168,5 миллион сому тышкы мамлекеттик карызды төлөөгө, калганы ички карызды жабууга кеткен.
2022-жылдын январында мамлекеттик карызды тейлөөгө болжол менен ушундай эле сумма бөлүнгөн. Жалпысынан быйылкы жылы бул максатта 48 миллиард 625,4 миллион сом колдонуу пландалууда.
Финансы министрлигинин ачык маалыматтары боюнча (2005-жылдан бери), бул рекорддук сумма. Өткөн жылы буга 33,6 миллиард сом жумшалган.

Мамлекеттик карыз

Өткөн жылдын соңунда мамлекеттик карыз 5 миллиард 1578,1 миллион долларды түзсө, анын дээрлик 4,5 миллиарды тышкы карызга туура келет.
Депутат Улуттук банктын 45 тонна алтыны боюнча айтты. Бийликтин түшүндүрмөсү