БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Эсеп палатасы Кыргызстандын 10 өлкөдөгү элчиликтериндеги аудиттин жыйынтыгын жарыялады.
Текшерүү иштери Беларусь, Сауд Арабия, Катар, Италия, Түркия, Кувейт, Түркмөнстан, Венгрия, Швейцариядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөр, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Женевадагы БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын алдындагы туруктуу өкүлчүлүгү, Стамбул шаарындагы башкы консулдукта (Түркия) жана Тышкы иштер министрлигинин Үрүмчү шаарындагы (Кытай) виза бөлүмүндө жүргүзүлгөн.
Аудиттин жыйынтыгында, Беларустагы элчилик 2021-2022-жылдардын жыйынтыгы боюнча 623,64 долларды сарамжалсыз пайдаланганы аныкталды.
ТИМдин Үрүмчүдөгү виза бөлүмүндө да 2018-2021-жылдары 5 миң долларга жакын каражат сарамжалсыз пайдаланылган.
2021-2022-жылдарга карата бюджеттин аткарылышын текшерүүнүн жыйынтыгында Кувейттеги элчиликтен 1244,96 долларлык каржылык мыйзам бузуу табылган.
Башка дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө мыйзам бузуулар болгон эмес.