Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Америкалык комик: Украина тууралуу кыйкырганда Сирияны эстеп койгула

Стендап-комик Американы дүйнөдөгү эң ири террордук уюм деп атады.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Америка Кошмо Штаттары Сирияга басып киргенин унутуп, Россиянын Украинадагы аракеттерине эки жүздүүлүк менен каршы чыгып жатат. Бул тууралуу комик жана саясий баяндамачы Жимми Дор Твиттердеги баракчасына жазды.
“Силер Украинадагы жаңжалды айтып жатканда АКШ Сирияга мыйзамсыз негизде кол салганын эстеп койгула. Өлкөнүн үчтөн бир бөлүгүн оккупациялап алды. Кайсы бөлүгүн дебейсиңерби? Мунай бар жерин басып алышты. Америка – дүйнөдөгү эң ири террордук уюм”, — деген Дор.
Америкалык аскерлер Сириянын түндүгүндөгү жана түндүк-чыгышындагы бир катар аймактарды мыйзамсыз көзөмөлдөйт. Расмий Дамаск АКШнын бул аймакты оккупациялашын мунайга болгон каракчылык деп атаган.
Бейшембиде АКШ Конгресси Сириядан аскерлерди чыгаруу боюнча резолюцияны четке какты. Палата өкүлдөрүнүн төрттөн бири аскерлердин чыгарылышын колдоп, басымдуу бөлүгү каршы чыккан.
АКШ дүйнөлүк трейдерлерди Россия мунайын кылчактабай сатууга чакырды