12-мартка карата аба ырайы

12-мартта күндүз республиканын кээ бир аймактарында жаан-чачын күтүлүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Жекшембиде күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +13…+18, Талас облусунда +11…+16, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +16…+21, Ысык-Көл өрөөнүндө +12…+17, Нарын чөлкөмүндө +4…+9 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +16…+18, Ош шаарында +19…+21 градуска жетет.
Таласта кийинки жумада аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу