20 млн. сомдук чыгым. MegaCom жетекчисинин мурдагы орун басары кармалды

Компаниянын жетекчилиги тендердин айрым катышуучулары менен сүйлөшүп алып IT-жабдыкты кымбат сатып алышканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. "Альфа Телеком" ЖАКтын (Mega соода маркасы, мурдагы — MegaCom) башкы директорунун мурдагы орун басары П.М.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Ал жабдыктарды жогорку баада сатып алды деп шектелип жатат.
"Башкы директордун мурдагы орун басары менен IT-технологиялар боюнча департаменттин жетекчилери тендердин айрым катышуучулары менен сүйлөшүп алып, IT-жабдыкты кымбат сатып алышкан", — деп айтылат маалыматта.
Чыгым 20 миллиондой сомду түзгөн.
Суранычтарын аткарбай койгом. Президенттин Оштогу өкүлү депутаттарга жооп берди