Эмне үчүн айрым эркектердин төшү чыгып кетет? Эндокринологдун түшүндүрмөсү

Дарыгер эркектердеги мындай көрүнүштү спирттик ичимдиктерди көп ичүүсү менен байланыштырган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Алкоголдук ичимдикти көп ичкен адамда ароматаза деп аталган ферменттин активдүүлүгү жогорулайт, мындан улам эркектердин төшү чоңоюп кетиши мүмкүн. Бул тууралуу Sputnik радиосуна россиялык эндокринолог Зухра Павлова түшүндүрүп берди.
Адистин айтымында, ароматаза эстрадиол гормонундагы тестостерондун трансформацияланышын шарттайт, ошондуктан мырзалардын төшү өсө баштайт.
"Алкоголдук ичимдик эркектердеги тестостерон гормонун аялдардагы эстрадиол гормонуна ооштурган ферментти активдештирет. Ал фермент ароматаза деп аталат. Көп учурда байкасаңыздар сыраны көп ичкен эркектердин курсагы гана эмес, төшү да чоңоюп кеткен болот", — деген Павлова.
Дарыгер андай кишилер ичкенин токтоткондо гормондордун балансы нормага келип каларын кошумчалаган.
"Эгерде ал адамдын боору цирроз боло элек болсо спирттик ичимдикти токтоткондо гормондор өзү эле калыбына келет. Бирок семиз болсо бул процесстин ишке ашуусу оор", — деди эндокринолог.
Кыз-келиндерге мурут өсүп, үнү жооноюп... Нарколог пивонун таасири тууралуу