Пресс-борбор

ЕЭК мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн маанилүү жагдай боюнча иштеп жатат

ЕАЭБ мамлекеттеринде саламаттык сактоо системасы ар кандай. Мисалы, үчөөндө ММК бар болсо, Армения менен Беларуста жок.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Россиядагы эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүнө милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) алууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн атайын иш жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Өмүрбекова билдирди.
Ал Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн "ЕАЭБ мамлекеттериндеги эмгек мигранттарын социалдык жактан коргоо чаралары" аттуу видеокөпүрөгө катышкан.
Жетекчиге ЕАЭБдин алкагында эмгек мигранттары үчүн бирдиктүү медициналык камсыздандыруу системасын киргизүү планда каралган-каралбаганы тууралуу суроо узатылды.
Өмүрбекова андай нерсе жок экенин айтып, бирок ЕАЭБ Келишимине ылайык, эмгек мигранттарынын социалдык жана милдеттүү медициналык камсыздандыруусу ошол өлкөнүн жарандарына коюлган шарттардын негизинде ишке ашырыларын эске салды.
Ошол эле учурда ЕАЭБ мамлекеттеринде саламаттык сактоо системасы ар кандай. Мисалы, үчөөндө ММК бар болсо, Армения менен Беларуста жок. Ал эми ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу бардык мамлекеттерде бар.
"Бирок жогоруда мен айткан Келишим нормасын толук кандуу иштетүү үчүн иш жүргүзүп жатабыз. Кыргызстан менен Казакстанда бул норма иштейт. ММК эмгек мигранттарына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жеткиликтүү. Ал эми Россияда ММК 2017-жылдан тарта эмгек мигранттарына гана жеткиликтүү. Учурда алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө дагы уруксат бердиртүү боюнча иштеп жатабыз", — деди Өмүрбекова.
ЕЭК Армения менен Беларусту ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандарына саламаттык сактоо тармагы боюнча дискриминациялык мамиле жасабоого чакырып келет.
Радио
Юрист ишкерлер ЕАЭБ сотунун мүмкүнчүлүгүн пайдаланбай жатканын айтты