БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. 11-мартта, ишембиге караган түнү, Бишкек шаарында жылуулук берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдирди.
Синоптиктердин маалыматына караганда, алдыңкы күндөрдө абанын орточо температурасы сакталат, катуу суук болбойт.
Эреже боюнча керектөөчүлөргө берилген жылуулук абанын температурасы беш күн катарынан 8 градустан жогору болгон учурда өчүрүлөт.