Бекер дарылоого акча алган. Жалал-Абадда санаторий башчысынын орун басары кармалды

Директордун орун басары убактылуу кармоочу жайга киргизилгени, учурда тергелип жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Жалал-Абад санаторийинин директорунун А. М. С. аттуу орун басары кармалгандыгын УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Аны мекемеде ден соолугун чыңдоо үчүн келген бейтаптардан акча алып жатканда колго түшүрүшкөн.
"Кармалган А.М.С. иш жүзүндө бекер көрсөтүлө турган тейлөөнү санаторийдин медициналык процедураларынын милдеттүү прейскурантына киргизип, дарыланып жаткандардан кошумча медициналык процедураларды санаторийлик китепке киргизүү үчүн системалуу түрдө акча талап кылып жүргөндүгү аныкталды", — деп билдиришти УКМКдан.
Директордун орун басары убактылуу кармоочу жайга киргизилгени, учурда тергелип жатканы айтылды.
Жалал-Абадда коррупцияга каршы бирикменин инспектору кармалды. Видео