БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Бүгүн, 9-март, дүйнөдөгү тунгуч космонавт Юрий Гагариндин туулган күнү.
Бул датага байланыштуу Sputnik Ближнее зарубежье Telegram-каналы тарыхый видео жарыялады.
Космосту биринчи болуп багындырган Гагарин 1934-жылы 9-мартта Гжат районундагы Клушино айылында туулган. Советтик учкуч-космонавт, Советтер Союзунун баатыры. Атасы Алексей Иванович жыгач уста, энеси Анна Тимофеевна саанчы болгон.
Анын космоско биринчи кадамы космонавттардын отрядынан башталган. Тагыраагы, СССРде 1960-жылы адамзатты космоско учууга даярдаган борбор ачылып, ал жерге келип, сынактан ийгиликтүү өтүп кеткен. Окутулуп, даярдыктан өткөн соң алты учкуч космоско жиберүүгө талапкер болгон. Ал эми Жер планетасынын алкагынан чыгууга аз күн калганда Гагариндин талапкерлиги бекитилген.
Гагарин "Восток" космос кемеси менен 1961-жылдын 12-апрелинде Байконурдан учуп, Жер планетасын толугу менен айланып чыккан. Ааламда 108 мүнөт жүрүп, "Восток" кемеси космостон аман-эсен кайтып, Саратов облусунда конгон.
СССРдин эле эмес дүйнөнүн элин таңгалдырган Гагарин, тилекке каршы, 1968-жылдын 27-мартында көз жумган. МиГ-15УТИ учагы менен шериги Владимир Серегин экөө машыгуу учурунда кырсыктаган. Авиакырсыктын чыныгы себеби бүгүнкү күнгө чейин белгисиз. Техниканын баары оң болгону аныкталган. Учкучтардын канында алкоголдук ичимдик жок болуп чыккан.