Тбилисидеги башаламандык. Өткөн түндүн окуялары видеодо

Тартип сакчылары парламент алдына чогулган митингчилерди кууду.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Түндө Тбилисинин борбордук бөлүгүндө башаламандык болуп, митингчилер менен полиция кагышты. Бул тууралуу Sputnik Грузия жазды.
Кырдаал парламенттин чет элдик агенттер тууралуу мыйзамды биринчи окууда кабыл алганынан кийин курчуп кеткен. Каршылык билдиргендердин айтымында, аталган мыйзам Грузиянын евроинтеграциясына тоскоол болот. Ал эми бийлик бейөкмөт уюмдардын ачык-айкындыгы саясий бөлүнүүнү азайтарын айтып, мыйзамга америкалык документ негиз болуп бергенин билдирген.
Кечээ акцияга чыккандар мыйзам долбоорун артка чакыртып алууну жана кармалгандардын баарын бошотууну талап кылып, болбосо кескин чараларга барарын эскертишкен эле. 7-мартта 20дан ашуун кишинин кармалганы кабарланган болчу.
Белгиленген мөөнөт соңуна чыккан соң митингчилер парламентти курчоого алып, күч түзүмдөрү атайын каражаттарды колдоно баштаган. Спецназ суу аткычтарды колдонуп митингчилерди кармап кеткен. Кийинчерээк тартип сакчылары парламенттин имаратына жакын аймактын баарын өз көзөмөлүнө алышканы белгилүү болгон.
Буга карабастан демонстранттар тароодон баш тартышкан. Алар отургучтарды талкалап, коргонуу үчүн таштанды контейнерлерин колдонушкан. Андан соң спецназ Шота Руставели проспектисиндеги элди суу аткыч жана көздөн жаш агызуучу газ менен кууй баштаган. Митингчилер петарда, Молотов коктейлдери менен жооп кайтарышты. Бир машина өрттөлгөн.
Акыркы бир нече сааттан бери акцияга катышкандарды кармоо жүрүп жатат. Шаардын башкы көчөсүндө кыймыл жанданганы айтылды.
Ал арада БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш эки тарапты кырдаалды курчутуп жиберүүчү аракеттерден оолак болууга чакырды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Украина — башталышы гана". Америкалык адис Батыштын планын ачып берди