Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ Коргоо министрлиги Т-72 жана Т-90М "Прорыв" танкаларынын ишин көрсөттү. Видео

Россиялык танкалар каршылаштын батареясын толугу менен талкалаган.
Sputnik
Россиянын Коргоо министрлиги Т-72БМ, Т-72Б3М жана Т-90М "Прорыв" танкаларынын Украина Куралдуу күчтөрүнүн позициясын жок кылган видеону жарыялады. РИА Новости тараткан кадрлардан аскер машиналары белгиленген жерден каршы тарапка сокку урганын көрүүгө болот. Мындан тышкары, экипаждын иши да чагылдырылган.
"Мотоаткычтар бөлүгүнүн алдыга жылышы үчүн Т-90 танкаларынын экипажы каршылаштын коргонуу чегинин алдыңкы катарына чыгып, катуу сокку урду. Биринчи кезекте 125 миллиметрлик замбиректер менен душмандын танкага каршы каражаттары менен сооттолгон техникасы талкаланды", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, аскердик тапшырманы аткарып жаткан корректрлөөчү ок алдында калганына карабай Украина Куралдуу күчтөрүнүн атып жаткан курал-жарагынын координаттарын аныктап, маалыматтарды берүүгө жетишкен.
Тема боюнча:
"Бахмутту чыңдоо" аракетинин аягы эмне менен бүтөт? Аскерий сереп