Окуйм деп борборго бир жумада араң жеткен. Айша Карасаеванын сүрөттөрү

Бүгүн кыргыз стенографиясынын негиздөөчүсү, актриса Айша Карасаеванын туулган күнү. Sputnik Кыргызстан чыгаан окумуштуунун сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Айша Карасаева 1912-жылы 8-мартта Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы Султаналы өз айылында мектеп ачып, сабатсыздыкты жоюу менен алектенген. Илимге умтулган кыз 11 жашында бир жума бою жол жүрүп борбор калаага келип, педагогикалык техникумга тапшырып, Петр Юдахинден сабак алган.
1930-жылдары бири-бирин жактырып жолугуп жүргөн түрколог Кусеин Карасаевге турмушка чыгып, экөө Ленинград шаарына билим алганы кеткен. Ал жакта жумушчу факультетинин чыгыш бөлүмүндө окуп, СССР элдеринин тилдери жана жазмалары боюнча илим изилдөө институтунда беш жылдай кенже илимий кызматкер болуп иштеп, кыргыз тилинин стенографиясынын теориясын иштеп чыккан. Эмгекчил филолог пенсияга чыкканга чейин 30 жылдай окутуучулукту аркалап, бир топ кыргыз стенографисттерди тарбиялаган.
Илимпоз 2014-жылы 103 жаш курагында көз жумган.
1 / 15

Айша Карасаеванын атасы Султаналы өзүнүн айылында мектеп ачып, директор болуп иштеген

2 / 15

Ал 11 жашында бир жума бою жол жүрүп, борбор калаага келип педагогикалык техникумда билим алган

3 / 15

Кусеин Карасаев 29 жашында көптөн бери жолугуп жүргөн Айшага баш кошкон

4 / 15

"Саябан араба" тасмасында Айжамалдын ролун аткарган 13 жаштагы кыз. Айша Карасаева кыргыздардан биринчилерден болуп кинодо башкы ролду жараткан

5 / 15

1930-жылдары түгөйлөр Ленинград шаарында билим алып, бөтөн жерде илим менен алектенген

6 / 15

Жубайлар узак убакыт бирге түтүн булатып үч кызды татыктуу тарбиялап өстүргөн. Улуусу Людмила чейрек кылымдан ашык физикадан сабак берип иштесе, Галина химия илимдеринин кандидаты, кичүү кызы Алтынай медицина илимдеринин докторлугуна чейин жеткен.

7 / 15

Кыргыз стенографиясынын негиздөөчүсү Айша Карасаева (Түмөнбаева), жолдошу атактуу илимпоз Кусеин Карасаев иш бөлмөсүндө небереси менен

8 / 15

Карасаева окумуштуу жолдошунун өмүрүнүн аягына чейин илимий эмгектеринин редактору болгон

9 / 15

Атактуу тилчи Кусеин Карасаев жана белгилүү жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков байбичелери менен

10 / 15

Солдон оңду көздөй отурган белгилүү окумуштуу, котормочу Зияш Бектенов, чыгаан түрколог Константин Юдахин, колуна небересин көтөрүп турган Айша Карасаева (Түмөнбаева), анын жанында отурган Кусеин Карасаев жана четте "Известия" гезитинин кабарчысы Геннадий Комаров. Фрунзе шаары, 1960-жылдар

11 / 15

Байын кучактаган Айша апа, байбичесине гүл сунган Кусеин ата

12 / 15

Кусеин Карасаев, Мар Байжиев, Айша Карасаева. Ысык-Көл облусу, 1992-жыл

13 / 15

Мааракелердин биринде президент Аскар Акаев биринчи катарда Карасаевдердин бүлөсү менен отурат

14 / 15

Илимге өмүрүн арнаган инсандар 68 жыл бирге түтүн булаткан

15 / 15

Айша Карасаева 2014-жылы 103 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан

Тема боюнча:
Айтматов кадырын салып ачык кадрларды калтырткан. "Биринчи мугалимдеги" ирмемдер
Күчтүү сүрөткер, залкар режиссёр. Геннадий Базаровдун сүрөттө калган элеси
Өмүрүн сахнага арнаган 82 жаштагы дирижер. Сардарбек Жумалиевдин сүрөттөрү
Кыргызстан менен Өзбекстандын маданий алакасын чагылдырган 16 сүрөт
Жашоосун театр, киного байлаган Бакыт Мукул 58 жашта. Режиссердун сүрөттөрү