БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Ичине алкоголдук ичимдиктер куюлган шоколад-конфеттер 8-мартка карата пайдалуу белектердин катарына кирбейт. Бул тууралуу Sputnik радиосуна россиялык психиатр-нарколог Василий Шуров айтып берди.
Дарыгер ичине спирт ичимдиги куюлган конфеттер адамга кандай зыян келтирерине токтолду. Ал майрам алдында соода текчелеринде ичине коньяк, ликёр, ром жана башка алкоголдук ичимдиктер куюлган конфеттин түрлөрү көбөйөрүн, бул организмге эки эсе чоң сокку урарын белгилеген.
"Бул дофамин системасына кош сокку жасайт, биринчиден, спирт ичимдиги зыяндуу, экинчиден канттын көптүгү. Эми андагы алкоголго кызыш үчүн канча конфет жеш керек? Ошол эле учурда мындай таттууну жеген адам эч нерсени ойлонбой эле унаа башкарууга отурушу мүмкүн, инспекторлор текшерүүгө алып барганда алкоголь чыккан учурлар болот", – деген ал.
Дарыгер айрымдар дарылануу учурунда, дарыланган соң спирт ичимдиктеринен алыс болушарын, бирок мындай конфеттерди эске албай жеп алышарын белгилеген. Ошондой эле мындай таттуудан аз жесе зыян болбойт деген ой жаңылыштык экендигине токтолгон.
"Мен нарколог катары алкоголдук ичимдик ичүүдөн алыс болууга чакырам. Мындан тышкары, бир конфет жеп койсом эч нерсе болбойт деген түшүнүктөн да арылуу керектигин айтам, баары ошондон башталат. Бир конфет жегенден кийин үч конфет жегиси келет, үчөөнөн кийин бир кутуну алгысы келет, анын артынан вино ичет. Ошентип азгырык башталат", – деди Василий Шуров.