Пресс-борбор

Сейсмология институту Кыргызстанда пайдалуу долбоор иштеп чыгууда

Иштелип жаткан долбоордун курулуш нормалары менен эрежелерине оң таасирин берери айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту республикадагы эл жашаган бардык жерлерди сейсмикалык жактан райондоштуруу, тагыраагы, күтүлүп жаткан жер титирөөлөрдүн интенсивдүүлүгүнүн ар кандай даражадагы аймактарга бөлүү долбоорун иштеп чыгып жатат.
Министрлер кабинетинин илим, инновация жана жаңы технологиялар боюнча катчысы Батыркул Баетов Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда аталган долбоор туурасында айтып берди.
Иштелип жаткан долбоор курулуштун нормалары менен эрежелерине, андан сырткары, бул багыттагы башка документацияларга олуттуу таасир берет.
"Бул өтө жакшы нерсе. Мамлекет бир топ каражат бөлүп жатат. Ал эми Сейсмология институту долбоору үч жылда ишке ашыруу ниетинде", — деди Баетов.
Кыргызстандагы ири шаарлардын баарында жер жаракасы бар. Сейсмологдун маеги