БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Министрлер кабинетинин "Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун ( 2022-жылдын 31-майындагы №91) 27-пункту алып салынды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, аталган пунктуда "Жер мунапысынын объекти жеке менчикте болгон жана менчик ээси жер мунапысына туура келген жер участогунун бөлүгүн берүүдөн баш тарткан учурда талаш-тартыштар жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте чечилет" деп жазылган. Башкача айтканда, мунапыс берилген жер тилкесинде үй салып жашап жаткан жаранга документ берүүдө жердин ээси менен талаш жаралса соттун чечими талап кылынбайт. "Кызыл китеп" үй салган адамга берилет.
Министрлер кабинетинин тиешелүү токтому кабыл алынды.
"Мамлекет башчы 5-мартта Ак-Ордо жаңы конушуна күтүүсүз барган. Жергиликтүү тургундар менен болгон сүйлөшүүдө "Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 27-пункту жер амнистиясын толук ишке ашырууну бир топ татаалдаштырып жатканы белгилүү болгон. Жаңы конушка барып келгенден кийин мамлекет башчы бул маселени тез арада чечип, башка аймактарда да жер амнистиясынын аткарылышын текшерүүнү тапшырды", — деп айтылат маалыматта.
Ошону менен бирге бардык жергиликтүү бийлик башчыларына мындан ары жарандар тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз басып алууларына жол бербөө тапшырмасы берилген.
Белгилей кетсек, кечээ президент жерлерди мыйзамдаштыруу иштерин так аткарбаганы үчүн Чүй облусунун башчысы менен Сокулук районунун акимин жумуштан бошоткон.