Министрлик бул жылы сурдокотормо кызматына 5 миллион сом жумшайт

Учурда өлкөдө 205 миңден ашык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам бар, анын ичинен 36 миңи — балдар.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2023-жылда угуусу жана сүйлөөсү начар адамдар үчүн сурдокотормолорго 5 миллион сом жумшайт. Бул тууралуу министр Кудайберген Базарбаев "Келин темир эмес" комедиялык тасмасынын бет ачарында айтканын мекемеден маалымдашты.
"Президент Садыр Жапаров тарабынан ден соолугунан улам мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга өзгөчө көңүл бурулууда. Биздин министрлик Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев менен биргеликте биринчи жолу сурдокотормого 5 миллион сом бөлүүнү демилгеледи. Учурда өлкөдө 205 миңден ашык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам бар, анын ичинен 36 миңи — балдар. 120 миңден ашык жаран социалдык пенсия алат", — деген Базарбаев.
"Келин темир эмес" тасмасы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген чыгармачыл адамдарга колдоо көрсөткөн "Бурис" коомдук фондунун жетекчиси Нышана Жээналиева тарабынан тартылган. Жээналиева биринчи топтогу майып.
Радио
Кубатова: угуу жана сүйлөөсү начар адамдарга сурдокотормо кызматы көрсөтүлөт