Чүй облусунун башчысы иштен алынып, жаңы жетекчи дайындалды

Жаңы жетекчинин аймактын активине тааныштырылганын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев кызматтан алынып, анын ордуна Канат Жумагазиев дайындалды. Бул туурасында мамлекет башчы Садыр Жапаров жарлыкка кол койгондугун анын маалымат кызматы кабарлады.
Жаңы жетекчи аймактын активине бүгүн тааныштырылган.
Аны менен катар эле Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев да бошотулган.
Алымбаев менен Айтибаевдин кызматтан алынышы жер мунапысы боюнча маселеге байланыштуу болгон. Садыр Жапаров жер мунапысы боюнча кеңешме жыйын өткөрүп, аткминерлерден аталган маселелерди тишелүү деңгээлде чечпегендигине ачуусу келип, кызматтан аларын айткан.
Маселенин төркүнүнө келсек, өткөн жылдын апрель айында жер мунапысы жарыяланып, жарандарга үй куруп алган жерлерин мыйзамдаштырып алганга мүмкүнчүлүк жаралган. Жергиликтүү бийликтин башчыларына тиешелүү иштерди ыкчам жүргүзүп, элге жер тилкелерин мыйзамдаштырып алууга уруксат кагаздарын берүү милдети тагылган. Бирок ал тиешелүү деңгээлде чечилбей, маселе чыңалып отуруп, кээ бирөөлөрдүн үйүнүн түрттүрүлүшүнө алып келген. Үйсүз калган төрт балалуу аялдан кабар алуу үчүн Садыр Жапаров өзү Ак-Ордо конушуна барып, ошол тегеректеги элдин арыз-муңун уккан.