Пресс-борбор

Бийлик жүгүртүүсү 50 млн. сомго чейинки бизнестин салыгын жеңилдетет

Мыйзам долбоорун парламент 13-мартта экинчи окууда карайт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Салык кодексинин жаңы долбооруна ылайык, жылдык жүгүртүүсү 50 миллион сомго чейинки ишкерлер 1 пайыздык ставка менен салык төлөйт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев Sputnik Кыргызстанда өткөн брифингде билдирди.
Касымалиев Салык кодексин өзгөртүү долбоору учурда Жогорку Кеңештин кароосунда турганын эске салды. Анда бизнеске жеңилдетилген шарттарды түзүү каралган. Мисалы, президент жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомго чейин ишкердик чөйрөсүн салыктан бошотууну, бирок ККМди милдеттүү түрдө колдоно тургандай кылып мыйзамды өзгөртүүгө тапшырма берген. Буга чейин мамлекет башчынын жарлыгы менен 2022-жылы салыктан бошотулган, андан соң мөөнөтсүз түрдө бошотулганы белгиленди.
Жүгүртүүсү 50 миллион сомго чейинки бизнес үчүн бирдиктүү салык түрүндө жеңилдетилген норма киргизүү сунушталууда. Жүгүртүүсү 8ден 30 миллион сомго чейинкилерге — 0,5 пайыз, 30дан 50 миллионго чейинкилерге — 1 пайыз.
Касымалиев аталган мыйзам долбоорун парламент 13-мартта экинчи окууда карай турганын белгиледи.
Салык баанын өсүшүнө таасир этпейт. А. Жапаров доскага жазып түшүндүргөн видео