БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Роскомнадзордун кийлигишүүсүнөн кийин Sputnik Кыргызстан агенттигинин TikTok социалдык тармагындагы жабылып калган аккаунту калыбына келтирилди.
TikTok 5-март күнү Sputnik Stories профилинин ишин чектеп койгон. Бирок Sputnik Кыргызстандын TikTok тармагында эч кандай эреже бузуусу катталган эмес. Аккаунт себеби түшүндүрүлбөстөн эле жабылып калган.
TikTok ушуну менен Sputnik Кыргызстандын профилин үчүнчү ирет блоктоп жатат. Редакция мурда дагы, азыр дагы аккаунт саясий себептерден улам жабылган деп эсептейт.
Sputnik Кыргызстандын баракчасына 222 миң адам катталган жана Кыргызстандагы ЖМКлар арасында эң ири TikTok-аккаунттардын бири болуп эсептелет.