Микротолкундуу меш рак илдетин козгойбу? Онкологдун жообу

Адис микротолкундуу меш эмес, тамак жылытылган идиш зыян алып келиши мүмкүн экенин эскертти. Кеп бир жолу кондонулчу желим идиш тууралуу болуп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Микротолкундуу мештер рак илдетин пайда кылат деп коркуунун кажети жок. Бул тууралуу “Доктор Питер” басылмасына курган маегинде онколог Иван Карасев айтты.
Адистин пикиринде, учурда жаңы технология менен жасалган мештер айрым эрежелерди сактаган учурда ден соолукка эч кандай коркунуч алып келбейт.
“Мурда микротолкундуу мештер онкологиялык ооруларды алып келет деп кооптонушчу. Азыр аны коопсуз деп айтсак болот. Албетте, өндүрүүчүлөр ал иштеп жаткан учурда жарым метр алыстыкта тургула деп сунуштайт. Бул эрежени сакташ керек. Ал эми микротолкундун өзү жылыган тамакка эч кандай терс таасирин калтырбайт. Кадимки отко жылыгандай эле болот”, — деди адис.
Ошондой эле ал мындай мештер кайсы учурда кооптуу болорун түшүндүрдү.
“Айрым өндүрүүчүлөр арзан материалдарды колдонуп, технологияны бузушу мүмкүн. Бул учурда кандай гана техника болбосун ден соолукка кооптуулук жаратат. Ошондуктан буюм-тайымдарды алып жатканда сапатына, өндүрүүчүсүнө караш керек”, — деди Карасев.
Сөзүнүн соңунда ал микротолкундуу меш эмес, тамак жылытылган идиш зыян алып келиши мүмкүн экенин эскертти. Кеп бир жолу кондонулчу желим идиш тууралуу болуп жатат. Ал ысыган учурда уулуу заттар тамакка өтүп кетиши ыктымал.
Телефон колунан түшпөгөн киши кандай зыян тартат? Адистин пикири