БИШКЕК, 6-мар. – Sputnik. Жамааттык коопсуздук жана кызматташуу уюму менен Шанхай кызматташуу уюмунун дал келишкен көп сызыктары жана алака-катнаштагы кызыкчылыктары бар. Бул туурасында РФтин ШКУ иштери боюнча президенттин атайын өкүлү Бахтиер Хакимов айтканын РИА Новости жазды.
"ШКУнун ишмердүүлүгүнүн башкы багыттарынын бири – антитеррор. Бул уюмдун алдындагы РАТС (региондук антитеррордук структура - ред.) башка тармактык түзүмдөр, анын ичинде БУУ менен өтө майнаптуу, өз ара тыгыз иш алып барат. ШКУ бул багытта башка эл аралык уюмдар менен да иштешип келет", — деген Хакимов.
Эки ири уюмдун кызматташуусу боюнча суроолорго жооп берип жатып дипломат "2007-жылы эле өз ара түшүнүүчүлүк боюнча меморандумга кол коюлгандыгын, анын базасында байланыштар болуп жана биргеликте иштер жасалып жаткандыгын" белгилеген.
"ЖККУ жана ШКУда, андан сырткары, КМШда кез келишкен линиялар арбын, бул уюмдардын аткаруучу жетекчилери маал-маалы менен кеңешип турушат. Өткөн жылы ЖККУнун демилгеси менен Москвада мындай форматта кездешүү болгон. Быйылкы жылдын 17-мартында ШКУнун башкы катчысы "Интеграциялардын диалогу: КМШ, ШКУ, ЕАЭБ жана БРИКС" деген аталыштагы эл аралык конференцияга катышат", — деген ал.
ШКУ — 2001-жылы түзүлгөн эл аралык уюм. Анын курамына Кыргызстан, Россия, Индия, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Пакистан жана Өзбекстан кирет. Ал эми Афганстан, Беларусь, Иран жана Монголия байкоочу макамында болсо, өнөктөш мамлекеттер катары Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка турат. ШКУнун Самарканддагы саммитинде Египет менен Катарга өнөктөш макамын берүү боюнча меморандумга кол коюлган. Бул макамды эми Бахрейн, Мальдивдер, Кувейт, Бириккен Араб Эмирлиги жана Мьянманын алары да айтылды.