БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Айгүл Жапарова Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен форумдун катышуучуларын Баткендеги паркка бак тигүүгө чакырды.
Белгилей кетсек, ушу тапта Москвада "Кыргызстан менен Россиянын келечек үчүн диалогу" аттуу кыргыз-россиялык аялдар форуму өтүп жатат. Ага биринчи айым Айгүл Жапарова катышууда.
"Урматтуу Валентина Матвиенко, урматтуу айымдар, сиздерди "Жашоо багы" долбоорун ишке ашырууда Кыргызстандын Баткен облусундагы достук паркына бак отургузууга чакырам. Бул иш-чара президент Садыр Жапаров жарыялаган "Жашыл мурас" кампаниясынын алкагында ишке ашмакчы. Баткен облусундагы ар бириңиздер бак тиге ала турган "Жашоо багы" аялдардын колу менен керемет жайлардын пайда болоруна өрнөк боло алат", — деди Жапарова.
Ал ошондой эле форумдун катышуучуларын келе жаткан Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктап, ден соолук, бакубатчылык каалады.