ЖККУ кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалууну чечүү чарасын сунуштайт

Аскердик кызматташтыктын бөлүм башчыларынын жумушчу жыйыны 1-мартта Минскиде өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. ЖККУ Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы чыңалууну басаңдатуу боюнча чараларды сунуштайт. Бул тууралуу социалдык тармактарга Эл аралык аскердик кызматташтык департаментинин башчысы, Беларустун коргоо министринин эл аралык аскердик кызматташтык боюнча жардамчысы Валерий Ревенко жазды.
Анын айтымында, Минск шаарында ЖККУ өлкөлөрүнүн Куралдуу күчтөрүнүн эл аралык аскердик кызматташтыгынын бөлүм башчыларынын жыйыны өттү.
“Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тилкелериндеги чыңалууну басаңдатуу боюнча коргоо ведомстволорунун жетекчилерине сунуштар иштелип чыкты”, — деп жазган ал.
Аталган жумушчу жыйын 1-мартта Минскиде өткөн.
ЖККУ ШКУ өлкөлөрүнүн биргелешкен машыгууларга катышуу ыктымалдыгын айтты