Дарыгер көздүн көрүүсүн жакшырткан азыктарды санап берди

Адис пайдалуу минералдарды жана витаминдерди таблеткадан эмес, тамак-аштан алган оң экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Көздүн көрүүсүн жакшыртып, ооруларды алдын алган витаминдүү азыктарды "Прайм" агенттигине дарыгер-диетолог Анастасия Ефимова айтып берди.
Адис цинк жана омега-3 май кислоталары катарактанын пайда болуу коркунучун азайта турганын билдирди. Бул заттарды таблеткадан эмес, тамак-аштан алган оң деген.
"Көзгө пайдалуу А витамини сабиз, өрүк, коон, манго, болгар калемпири, шпинат, таттуу картошкада бар. Мындан тышкары, лютеин жана зеаксантинди брокколи, капустанын түрлөрүнөн, жүгөрү, жумуртка, апельсин, шпинат, шабдаалы, кабачоктон алууга болот", — деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле цинк малдын, канаттуунун этинде, устрица, төө буурчак, нокот жана жаңгакта болот. Ал эми омега-3 зыгырдын уругунда жана майында, деңиз балыктарында бар.
Ефимова күнүмдүк рациондо сөзсүз жашылча жана жемиштер болушу керектигин да баса белгилеген.
Диетолог ач карын жегенге болбой турган азыктарды тизмектеди