Көчөт тигип, жер айдап, көчкөнгө камынган кыргыздар. Жаздагы жылуу сүрөттөр

Март айынын келиши менен күн жылып карапайым эл жарыша өз иштери менен алек. Sputnik Кыргызстан агенттиги мээнеткеч элдин жаздагы сүрөттөрүн сунуштайт.
Sputnik
Жаздын алгачкы айынын келиши менен багбандар көчөтүн, чабандар тоого чыкканга мал-жанын толуктап, куруучулар шаймандарын иреттеп, айдоочулар жазгы айдоо иштерине камынып техникаларын даярдай баштайт.
1 / 15

Жайлоого кетчү малды кралинге салган чабандар, 1932-жыл

2 / 15

Борбор калаада көп кабаттуу үйлөрдү салган куруучулар. 1930-жылдар.

3 / 15

Жаздоого аттанган малчынын аялдары топозго жүктөрүн артынып кетүүдө. 1926-жыл.

4 / 15

Борбор калаадагы парктардын бирине көчөт отургузганы келген пионерлер. 1969-жыл.

5 / 15

Жазгы айдоо иштеринде күжүрмөн эмгек кылган трактористтер. Нарын облусу, 1974-жыл.

6 / 15

Эрте жазда Сары-Жаз өрөөнүндөгү Семенов мөңгүсүнө изилдөө иштерин жүргүзгөн окумуштуулар. Ысык-Көл облусу, 1966-жыл.

7 / 15

Тянь-Шань тоолорунун жайытына малын айдаган чабан. 1966-жыл.

8 / 15

Фрунзе шаарын жазында көрктөндүрүүгө аракет кылган тургундар. 1968-жыл.

9 / 15

Кара-Суу районунда пахта себүү учуру. Ош облусу, 1978-жыл.

10 / 15

Койлорду жаздоого тик учак менен ташыган чабандар. 1966-жыл.

11 / 15

Күндүн жылышы менен Өзбекстан жана Кыргызстанды байланыштырган темир жолду оңдогон жумушчулар. 1972-жыл.

12 / 15

Куйбышев атындагы колхоздун топоздорун айдаган малчы. 1970-жыл.

13 / 15

"Оргочор" совхозунун ак койлору жайлоого чыгуу алдында. 1981-жыл.

14 / 15

Көч байсалдуу болсун! Жаңы конушта самоордон чай ичкен чабандын үй-бүлөсү. Нарын облусу, 1987-жыл.

15 / 15

Фрунзе шаарындагы мектеп окуучулары жазгы каникулдан кийин мектепке бара жатышат. 1984-жыл.

Тема боюнча:
Күрп-Сай ГЭСи беш жылда кантип курулган? Архивдик ирмемдер
Айтматов кадырын салып ачык кадрларды калтырткан. "Биринчи мугалимдеги" ирмемдер
Кыргыздардын XIX кылымдагы жашоо-турмушу. Сейрек архивдик сүрөттөр
Ат үстүндө комуз чертип, обон созгон кыргыздар. Архивдик сүрөттөр