Кандардын Манаска келип максатын айта албай туруп калганы. Улуу баяндан 9 факт

Манастын ызы-чуу салганы, кырк жигиттин Манаска жолугушу, Эр Жамгырчынын Манастын алдына биринчи келиши сыяктуу кызыктуу фактыларды материалдан окуңуздар.
Sputnik
Манастын таң атпай ызы-чуу түшүрүшү. Атактуу ногой эли азыноолок эл эле, азыр курттай жайнап толуптур, ушунун баарын Кабылан Манас баатыр Кадыр алдам, колдо деп, чыканак жерге салбай, чырым этип уйку албай топтоду. Бир күнү, тагыраагы, бир түнү суу чыбыктай толгонуп, түн ичинде ойгонуп, ак күбөнү жамынып арстандай чамынып, ал келтесин таянып, алтын доолун көтөрүп, айбат кыла жөтөлүп эшикке чыкты. Анан "азем менен бактырган, кумдуу жерге оонаткан, кудуктуу жерден сугарган, үртүктү каба жаптырган, үкүнүн жүнүн тактырган" Аккула атынын чылбырын чечип жетелеп, айылдын ичин чекелеп, жан киши жок Боз-Дөбөнүн башына келди. Бүркүттөй кабак чытып бир азга ойлуу отурду. Алты канды чакырган, алардын келер күнү болуптур. Анан колундагы мылтыкка кочуштап дары куюп, кололуу сүмбөсүн колго алып, колдуратып коргошунун уруп салып, Күн чыгышты каратып күркүрөтө бир атты. Соңунан алтын доолун бек какты. Баатырдын айгайын баары билет да, жазайылчы желдеттер замбирекке келишти. Ал жердеги Абзел деген замбирек казынада гана жатчу экен, казат күнү гана атчу экен, аны карап жетимиш киши бакчу экен. Таңууларын алышты, ичи кызыл дат болуп калган экен, он эки замбирекчи ичине кирип, кыргы менен кырып, кызыл кум менен сүрүп чыкты. Араба менен дарысын алып келип куйдурду, алачыктай чоюнду ок ордуна урдурду, түбү менен карагай, түз-ийрисин карабай, сүмбө кылып алдырды, түртүп барып салдырды, алты жүз аркан алдырды, алтымыш чынар терекке, аябай чырмап таңдырды. Замбирек аткыч муршабдар найза менен от бергенде дүйнө баары солк деди, "күн күркүрөп басылды, туман түшүп ачылды, жердин көбү казылды, уйкудагы жаткандын умачтай көзү ачылды, бешиктен балдар ыйлады, кумган отто кыйрады, байлоодо күлүк туйлады, төө боздоду буркурап, ит улуду чуркурап, камоодон эшек айкырды, матоодо тайлак бакырды". Мындай белги болгондо эң биринчи Бакай кары баш болуп, кырктын башы Кыргыл чал төш болуп Канкор Манас кыргын баштамак болду деп айттырбастан аттанат. Алардын барар жери Манастын жаны. Таңдын эре-середе баары бирдей жетип келди төрөгө.
Кырк жигиттин Манаска жолугушу. Келишсе төрө жалгыз дөбөгө чыгып алыптыр, ошол жерден калайманды чалыптыр, ажыдаар түгүн салыптыр, астыңкы эрди албайып, үстүңкү эрди калбайып, карарышы түн болуп, бүркөлүшү кайра жаар күн болуп, кышкы кирген буурадай, кычырап тиши үн болуп олтурган экен оёну. Баатырдын бул турушун көрүп бирөө да жакын келе албайт, келмек турсун баш көтөрөр, не болгонун сураар бир жан жок. Сүйлөй албай Манаска, кара жерди чукушуп, астыртадан бөйрөккө, бирин-бири нукушуп, кырк баатырдын баарысы, кырка олтуруп калышты.
Алты кандын аскерлеринен биринчи болуп Эр Жамгырчы келди. Эң алды Эр Жамгырчы чыкты дебедик беле. Желкек ылдый жол менен, жети жүз миң кол менен, ак асаба, кызыл туу, айгайлаган ызы-чуу, көк асаба, кызыл туу, көк жаңырган улуу чуу, желкек ылдый күңгүрлөп, жерге сыйбай дүңгүрлөп келип калды Жамгырчынын кумурскадай көп колу. Алардын караанын көрөр менен Манас Аккуласына минип, артынан кырк жигитин тизип жерге сыйбас аскер менен тосуп алганда Эр Жамгырчы болсо да, Шер Жамгырчы болсо да, Манастын каарына туруштук бере албай кол куушуруп атынан ыргып түштү. Экөө салам-алик алышты, сагынышкан туугандай айкалышып калышты. Манас "Алты-Шаар уйгурун жыйып келипсиң, аз го сенин урушар жигитиң, ушуга гана алдырар Манасты кем ойлодуң беле" деп бура тартып токтоду. Буларды конок кылабыз деп Бакай баш болгондор алып кетти, анын колу уйгурлар экен жабалактап жөнөдү, Жамгырчыны Байдын уулу Бакай жабыгы бийик боз үйгө киргизди, туу байталдан сойдурду, чатыраш ойноп даң салды, дасторконун жыйбастан, тамашасын чоң салды.
Эр Төштүк келди экинчи. Олтуруп орун алганча, ону-муну кылганча, алты кандын ичинен желеги алтын туу менен, жер жарылган чуу менен, ак асаба туу менен, айгайлаган чуу менен, көк асаба туу менен, көк жаңырган чуу менен Төрө Төштүктүн аскери дүпүрөп келди жер жайнап. Ак найзасын зыңкыйтып, Аккула атын кындыйтып аларды Манас өзү тосуп чыкты. Эр Төштүк атынан түшпөй турганда Манас аны ат үстүнөн кол алышууга барып "Тогуз уул кенжеси, Элемандын эркеси, келгениң жакшы болду, алып келгин колду" деп учурашат туугандарча. Аңгыча байрагын булгап бакырып, Эр Төштүктүн аскери бириң калбай жүргүн деп конок кылганга Эр Алмамбет алып кетет. Кыргыз болуп калган Алмамбет конокторду түндүгүнө бээ союп, түштүгүнө тай союп, жагынага кой союп, кыя тарткан жал коюп, эче түрлөп нан коюп, сары аякка бал коюп эч бир кан күтпөгөндөй күтүнөт.
Жети кандын чатагы. Манас баянынан 6 факт
Эр Үрбүнүн колунун келиши. Андан кийин олтуруп орун алганча, ону-муну кылганча, Эки Кемин жайлаган, эгиз кара ат байлаган, Таздын уулу Эр Үрбү Кумулдан берки кол менен, куюндуу Мерки жол менен, айчык алтын туу менен, айгайлаган чуу менен ал да келип калбаспы. Аны тосуп алганы Аккула атын булкунтуп, атырылтып жулкунтуп, арстан Манас барганда Кан Үрбү не кыларын биле албай аттан түштү акырын, бооруна колун коюп, амандашып туруп чечендигине салып айтат: "Энди, баатыр, шашпагын, алтын туудан аштагын, баатырсыган кандарды барса келбес баштагын, Көйкап деген жер бар дейт, көргөзүп аны таштагын". Бул сөздү угуп түндөн бери кашка тиши көрүнбөгөн Манастын кадоодой кашка тиши ырсайды. Аларды Серек баатыр меймандаймын деп чыкты, ишим оңунан келди, бул Үрбүм өзүмө теңтуш кишим деп сүйүнүп алган. Серек Үрбүнүн колуна ысылыкка май берди, суусалыкка бал берди, эттен тандап жал берди, эчен түрлөп нан берип, туу байталдан сойдурду, туурап нарын койдурду. Баатыр Серек конок ээси кандай болорун көрсөттү.
Айдаркан уулу Эр Көкчөнүн келиши. Олтуруп орун алганча, ону-муну кылганча, Көкчө баатыр келе жатыр дешти. Бул казактын Көкчөсү Сары-Арканы жайлаган, сан казагын айдаган, Кер төбөл ат байлаган, саймалуу калпак, сары шым, шалдыркан кисе, бото кур, алтындан наал, жез өкчө, Айдаркандын баласы. Анын колу Тек-Турбастын учунан көрүндү, чаң менен аскер көмүлдү. Аларды көздөй Кан Манас кырк чоросу менен жөнөдү. Кайран казагың өзөнгө сыйбай буркурап, өлөңүн айтып чуркурап келип калды. Келери менен Баатыр Көкчө аттан түшүп Манаска ийилип салам берди, баатыр алик алды. Эр Көкчөнүн көп колун Сыргак баштап кетти. Эр Сыргак семизден тандап мал союп, казыдан тандап жал коюп, канча түрлөп нан коюп, ар даамды бүт берип, кишмиш чайкап сүт берип, эриккенче эт берип, эр башына экиден табак жеткирип күтүп алды бир башкача шаң менен.
Эр Санжыбек канды тосуп алуу. Олтуруп орун алганча, ону-муну кылганча, шайыктарды ордосу Орчун Кокон, Маргалаң, Оро-Төбө, Самаркан, Анжиян элин айдаган Эр Санжыбек кандын карааны көрүндү. Көрүп анын караанын, найзаларын зыңкыйтып, Арстан Манас баш болуп, астын тосо барганы. Ээ боло албай өзүнө, айткан убада сөзүнө, аттан түшүп Санжыбек салам айтты баатырга, алигин Манас алыптыр. Анын колун Күлдүрдүн уулу Чалыбай, күлдүргүчү Ажыбай, кыямы кыргыз Кутунай бөлүп кетет. Колунун болгону тогуз жүз миң экен, булары өтө эле аз экен деп ыраазы болбой калат конок кылгандар. Мейман тоскондор чөлдөн келген туугандарга куйруктуу кочкордун семизинен сойдурат, башына жаздык койдурат, кулун-бийин ылгабай колу-бутун чойдурат, баштан-аяк басмалап, чачма күрүч тарттырат, шимигенге жал коёт, суу ордуна ичкенге сур ыраңдуу бал коёт, алыстан келген калың колду үй ээлери аябай ныктап тойдурат.
Буудайыктын Музбурчагын коноктоо. Олтуруп орун алганча, ону-муну кылганча, Букарай-Шарып ары жагы, Бузулган-Чамбыл бери жагынан Буудайыктын Музбурчак ак асаба туу менен, айгайлаган чуу менен, желеги алтын туу менен, жер жаңырган чуу менен асманга чаңы тозулуп, ак куудай мойну созулуп келип түштү колу менен чубалып. Аларды амандашкан соң Акбалтанын Чубагы, кырк чоронун баарысы, Кыргыл, Бакай карысы бөлүп алыптыр. Конок тоскондор күл куржундан сөктүрүп, дасторконго жемишти күрөп-күрөп төктүрүп, ордун калың салдырып, отуна чырак жандырып, оюнга кумар кандырып, ушунча колдун баарысын отуз чоро багышат, ойноп-күлүп жатышат.
Конок жетпеген чоролордун таарынганы. Коноктордун бирисин бабаң Бакай алса, бирин Алмамбет илип кетсе, бири кетсе Серекке, бири өтсө Сыргакка, дагы бири Кутунайга, бири болсо Чубакка, кырк чоронун он чактысы тосор коноксуз ороктоп, качан келет конок деп, өөдө-төмөн сороктоп, комсунуп куру калат. "Коногуң менен комул бол, аскериң менен аңга түш, аз келерин билгенде, аскердин алды келгенде, суктук кыла салсакчы, сурабастан четинен бөлө чаап алсакчы" деп таарынат. Эми биз "кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болобуз" деп намыстанат, конок жетпегенге арданат. Анан ар бир конок турган жерге барып, колдон колду кыдырып, коштон кошко сыдырып, конок таппай чуулашып, адамың арбын экен деп, отуз-кыркка көнсөң деп, эч болбосо биздерге он чактылап бөлсөң деп кадырын салып сурап жүрүштү...
Элчилердин Манаска барышы, Айкөлдүн сүрү. Улуу баяндан 8 факт