Урмамбетов: ЖКККББ абийирсиз, таза эмес иштеген кызматкерлерден тазаланат

Онлайн-кеңешменин жыйынтыгы боюнча ЖКККББнын бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин алдына бир катар милдеттер коюлду.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов ЖКККББнын жетекчилерине онлайн-кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Кеңешмеде жол эрежесин одоно бузууга, кызматтык тартипти сактоого жана мыйзамдуулукту камсыздоого карата өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралуу жарандарга жеткиликтүү маалымат берүү маселеси талкууланган.
"Эреже бузуулар жөнүндө кодекске жаңы өзгөртүүлөр жана толуктоолор жол кырсыктарынын санын кыскартуу максатында кабыл алынды. Сиздер жер-жерлерде жарандарга эрежени одоно бузгандарга жаза кандай күчөтүлгөндүгүн так түшүндүрүп беришиңиздер керек", — деген Урмамбетов.
Ички иштер министринин орун басары ички иштер органдарында кызматтык тартиптин жогорку деңгээлин камсыз кылуу бир катар каражаттар аркылуу ишке ашарын, алардын ичинен кызматкерлердин тартиптик жоопкерчилигин бөлүп көрсөтүү керектигин белгилеген.
"Ички иштер органдарынын ишинин натыйжалуулугунун маанилүү бөлүгү — жарандардын ишенимине ээ болуу. Жарандардын баа берүүсү боюнча, сиздердин аткарган иштериңиздерге жалпы пикир берилет. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган өздүк курамдын арасында абийирсиз, таза эмес иштеген жана кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбаган кызматкерлер, анын ичинде жетекчилери тазаланат, жазага тартылат", — деди ИИМдин орун басары.
ИИМдин Ички иликтөө кызматына кызматтык тартип бузууларды аныктоо жана алдын алуу, айрым ИИБдин кызматкерлери тарабынан жасалган коррупциялык жана башка мүнөздөгү кылмыштарга бөгөт коюу боюнча ишти күчөтүү тапшырылган.
Онлайн-кеңешменин жыйынтыгы боюнча ЖКККББнын бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин алдына бир катар милдеттер коюлган.
Эл эреже бузбай айдаганга көнүш керек. Жапаров айып пулду көтөрүүнү колдоду