БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Министрлер кабинети үйсүз калган төрт баланын энесине жаңы үй куруп берүүнү убадалады.
1-мартта социалдык тармакта Ак-Ордо конушундагы үй-бүлөнүн турак жайын күч менен бузуп салышкан видеосу тараган. Анда үйдүн кожойкеси президенттен жардам сурап, кайрылган.
Жогорку Сот үй ээсинин өтүнүчү менен бузулганын түшүндүрдү. Ал аталган иш боюнча соттун бардык инстанцияларында "жерди колдонуу укугуна тоскоолдуктарды жоюу жана мыйзамсыз курулуштарды бузуу боюнча" ишин утуп алган. Буга Жогорку Сот 2022-жылдын сентябрында чекит койгон, биринчи чечим буга чейин 2018-жылы чыккан. Башкача айтканда, доогердин арызы боюнча бул анын жер тилкеси, ал эми үй мыйзамсыз курулган.
Бирок үйсүз калган аялдын айтымында, ал тамды бир нече жыл мурда сатып алган. Коңшулары үй-бүлө бир жер тилкесин бир нече адамга саткан шылуундардан жапа чеккенин айтышууда.
Бул окуя социалдык тармактарга жарыялангандан кийин министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров комментарийге "Жардам беребиз" деп жазган.
Андан соң социалдык тармактарда Жапаровдун кеңешчиси Урмат Токтожумаев кечээ окуя болгон жерге келген деген маалымат пайда болду. Ал министрлер кабинетинин башчысына абалды айтып, үй-бүлөгө жаңы үй салып берүүнү убада кылган.