Радио

Низамова: баланы телефон менен алаксытуу таптакыр туура эмес

Терапевт, үй-бүлөлүк дарыгер Бактыгүл Низамова сегиз жашка чейинки балдарга ата-энелер телефон бербеш керектигин айтты.
Sputnik
Бүгүнкү күндө телефондон чыккан зыяндуу нурлардан улам оорунун түрлөрү көбөйүп жатат. Бул тууралуу Бактыгүл Низамова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, адам уктап жатканда смартфонун сөзсүз башка бөлмөгө коюп коюу шарт.
"Азыркы кезде ата-энелердин көбү баланы алаксытуу максатында телефон колдонуп келишет. Бул таптакыр туура эмес. Колдон келсе балага сегиз жашка чейин карматпай эле койгон дурус. Өзгөчө айрым келиндер баланы эмизип жатып да телефон колдонушат экен. Мындай учурда магниттик нурлар бөлүнүп чыгып баланын мээсине, кулагына жана көзүнө өтө терс таасирин тийгизет. Бул боюнча жаш үй-бүлөлөргө да түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө аракет кылып келебиз. Ошондой эле уктап жатканда смартфонду жаздыктын түбүнө же жанына коюп жатпастан, аны башка бөлмөгө таштаган туура болот. Телефонду керектүү гана учурда колдонуп, мүмкүн болушунча андан алыс болууга баарыңыздарды чакырам", — деди терапевт.
Ал телефонду көп колдонгон учурда эң биринчи уйку бузуларын кошумчалады.