БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Нарын облусунун бардык аймактарында мамлекеттик туубуздун кабыл алынган күнүнө жана 5-мартта белгиленүүчү Ак калпак майрамына арналган салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Майрамдык иш-чара жөө жүрүш менен башталган. Салтантка катышкан президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары Элмира Садыкова майрам күндөрдүн маанисине кенен токтолуп, кыргыз элинин туусу түбөлүк желбиреп, уулдарынын башынан ак калпак түшпөй мамлекеттин өнүгө берүүсүн тилек кылды.
Нарын шаарынын вице-мэри Элнура Асангазы кызы, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев жана башкалар тургундарды куттукташты.
Иш-чарада мамлекеттик туунун, ак калпактын мааниси чечмеленип, шаардык маданият бөлүмүнүн концерттик программасы менен жыйынтыкталды.
Туу Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Авторлук жамаат: Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков.