Баткенде мобилдик клиника кыз-келиндерди текшерип жатат

Дарыгерлер бул ирет репродуктивдүү курактагы аялдарды жана өспүрүм кыздарды карашат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Март айынын башынан тарта Баткенде мобилдик клиниканын дарыгерлери алты айылдын тургундарын акысыз кароодон өткөрүп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Дарыгерлер бул ирет репродуктивдүү курактагы аялдарды жана өспүрүм кыздарды карашат. Каалоочулар онколог-маммолог, гинеколог, терапевт жана УЗИ адистерине көрүнсө болот.
Мобилдик клиника ар кандай климаттык жана географиялык шарттарда бейтаптарды текшерүү жана диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн бардык керектүү медициналык жабдуулар менен жабдылган.
Мобилдик клиниканын иштөө графиги:
3-март – Ак-Сай айылы, Ак-Сай орто мектеби;
4-5-март — Кара-Бак айылы, Нарматов орто мектеби;
6-7-март — Кызыл-Бел айылы, Масалиев орто мектеби;
8-март — Боз-Адыр айылы, Акматов орто мектеби.
Буга чейин Самаркандек жана Көк-Таш айылынын тургундары кароодон өткөн.
Кант диабети менен ооруган аялдан туулган эркек бала кандай илдетке кабылары айтылды