Быйыл жеңилдетилген айыл чарба насыясынын суммасы 1,6 млрд. сомго азайды

Эми насыяны "Айыл банк" менен "РСК банктан" гана алса болот, мурда жети банкка мүмкүнчүлүк берилген эле.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Быйыл "Айыл чарбасын каржылоо – 11" долбоорунун алкагында элеттеги фермер, дыйкандарга 3 миллиард сомдук жеңилдетилген кредит берилет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Аталган сумма былтыркыга салыштырмалуу 1,6 миллиард сомго аз. "Айыл чарбасын каржылоо — 10" долбоору боюнча 4 миллиард 677,5 миллион сомго 8 256 насыя берилген.
Маалыматка ылайык, бул жылы арзан кредит берүү шарттары дагы өзгөргөн. Мурда элеттиктер каражатты жети банк аркылуу алып келсе, эми "Айыл банк" менен "РСК банктан" гана алууга мүмкүн болот. Ошондой эле мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү категорияларына эле берилет. Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө берүү токтотулган. Бул тармак класстердик долбоорлор аркылуу каралары белгиленди.
"Айыл чарбасын каржылоо – 11" долбоорунун жеңилдетилген шарттагы кредиттери качан берилип баштаары азырынча белгисиз.
Радио
Министрлик дыйкандарга үч миң тонна дизель 65 сомдон сатыларын айтты