Милиция "Ала-Тоо" аянтынан табылган документ, буюмдардын ээлерин издеп жатат

Ала-Тоо аянтында табылган буюмдар
Эгер жакын арада ээлери чыкпаса, милиция буюмдарды табылгалар бюросуна өткөрүп берет.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бишкек кайгуул милициясы шаардыктарга кайрылып, "Ала-Тоо" аянтында жоголгон документтерин, сумка жана башка буюмдарын алып кетүүгө чакырды.
Маалымат кызматы табылган буюмдар былтыртан бери чогулуп калганын билдирди. Аларды борбордук аянтта жайгашкан милиция пунктунан барып алып кетсе болот.
Эгер жакын арада ээлери чыкпаса, милиция буюмдарды табылгалар бюросуна өткөрүп берет.
Жактоочу Куватбек Шатманов
Радио
Көчөдөн милиция токтоткондо эмнелерди эске алуу керек? Жактоочунун жообу