Радио

Дарыгер адамдын организмине өтө керектүү үч затты атады

Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин жалпы гигиена боюнча дарыгери Алтынай Молдобек кызы кантип туура тамактануу керектигин айтты.
Sputnik
Туура тамактануу — бул организмди муктаж болгон заттар менен камсыздоо экенин Алтынай Молдобек кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тамактанып жатканда үч заттын тамак-ашта болушу өтө маанилүү.
"Адам тамактануу аркылуу гана өсүп-өнүгөт. Туура тамактануунун негизинде адам жашоосун улантып кете алат. Туура тамактануу деген өзү эмне? Бул  — организмди муктаж болгон заттар менен камсыздоо. Туура тамактанууда эң керектүү үч затка маани берүү керек. Алар: белок, май жана углевод. Белокту негизинен эт менен балыктан ала алабыз. Белок менен майдын рациону суткасына 80-100 граммды түзүш керек. Май болсо адамга энергия берет. Ал эми углевод зат алмашууга өбөлгө түзүп, энергиянын бир булагы болуп саналат", — деди дарыгер.
Ал туура тамактануу үчүн тамактануу убактысы да чоң роль ойной турганын кошумчалады.