Жапаров аскердик курал жана техникаларды оңдогон базанын абалы менен таанышты

Мамлекет башчы базадагы бир катар иштерди көрүп чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Балыкчы шаарында жайгашкан Коргоо министрлигинин өз алдынча курал-жарак жана аскердик техникасын оңдоо боюнча борбордук базасынын абалы менен таанышты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
1 / 6

Президент Садыр Жапаров Балыкчы шаарында жайгашкан Коргоо министрлигинин өз алдынча курал-жарак жана аскердик техникасын оңдоо боюнча борбордук базасынын абалы менен таанышты

2 / 6

Президент сооттолгон танкалык техниканы (танк жана БМП) тейлөө жана оңдоо пунктун, атайын жумуш аянтын, аккумуляторлуу батареяларды заряддоочу автоматташтырылган системасын, сырдоочу цехти, өздүк курамга тиричилик кызмат көрсөтүүчү корпусту, видеокөзөмөл жана телевизорлор менен жабдылган тышкы периметрди коргоо жана эрте аныктоо пунктун көрүп чыккан

3 / 6

Президентке 2023-2024-жылдарга базаны өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу маалымат берилди

4 / 6

Тагыраагы, базанын аймагын кеңейтүү, сооттолгон танкалык техниканы сактоочу жайларды куруу, аны оңдоо үчүн кошумча жабдууларды орнотуу, коопсуздук тутумун чыңдоо жана башка көптөгөн нерселер пландалып жатканы айтылды

5 / 6

Ошондой эле медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл жабдуулар менен жабдылган мобилдик аскердик талаа госпиталын карап чыкты

6 / 6

Өз кезегинде Жапаров өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө зарылдыгын белгилеп, Куралдуу күчтөрдүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган бир катар тапшырмаларды берген.

Президент сооттолгон танкалык техниканы (танк жана БМП) тейлөө жана оңдоо пунктун, атайын жумуш аянтын, аккумуляторлуу батареяларды заряддоочу автоматташтырылган системасын, сырдоочу цехти, өздүк курамга тиричилик кызмат көрсөтүүчү корпусту, видеокөзөмөл жана телевизорлор менен жабдылган тышкы периметрди коргоо жана эрте аныктоо пунктун көрүп чыккан.
"Президентке 2023-2024-жылдарга базаны өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу маалымат берилди. Тагыраагы, базанын аймагын кеңейтүү, сооттолгон танкалык техниканы сактоочу жайларды куруу, аны оңдоо үчүн кошумча жабдууларды орнотуу, коопсуздук тутумун чыңдоо жана башка көптөгөн нерселер пландалып жатканы айтылды. Ошондой эле медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл жабдуулар менен жабдылган мобилдик аскердик талаа госпиталын карап чыкты", — деп айтылат маалыматта.
Өз кезегинде Жапаров өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө зарылдыгын белгилеп, Куралдуу күчтөрдүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган бир катар тапшырмаларды берген.
Жапаров: Кыргызстандын бардык коргоочуларына башыбызды ийип таазим кылабыз