Месси Аргентина курама командасындагы оюнчуларга өзгөчө белек даярдады

Месси декабрь айында Аргентина курама командасында ойноп, Катарда өткөн дүйнөлүк чемпионатты жеңген.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. "Пари Сен-Жермен" клубунун чабуулчусу Лионель Месси Аргентина курама командасындагы өзүнүн өнөктөш оюнчуларына дүйнө чемпионатындагы жеңишке байланыштуу 35 алтын iPhone белекке берет. Бул тууралуу РИА Новости The Sun басылмасына шилтеме берип жазды.
Маалыматка караганда, смартфондордун чехолу 24 караттуу алтындан жасалган. Анын жалпы баасы 175 миң фунт стерлингди түзөт. Ар бирине футболчунун аты, оюн талаасындагы номери жазылып, курама команданын логотиби түшүрүлгөн болот.

"Лионель бардык оюнчулар менен курама команданын персоналына жеңишти утурлай өзгөчө белек кылгысы келген, бирок саат бергиси келген эмес. Мен алтын iPhone тартуулоону сунуш кылсам идеяны жактырды", — деди ишкер Бен Лайонс.

Месси декабрь айында Аргентина курама командасында ойноп, Катарда өткөн дүйнөлүк чемпионатты жеңген. 35 жаштагы чабуулчу турнирдин эң мыкты оюнчусу деп табылган. Аргентинанын командасы пенальтиде Франциянын курамасын жеңген.
Мессинин ачуусу, Неймардын көз жашы... Дүйнө чемпионатындагы эмоциялар