Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ФСБ Брянскиде украиналык диверсанттарды жок кылуу боюнча операция жүргүзүп жатат

Буга чейин Брянск облусунун бийлиги Климовский районундагы Любечане айылына диверсанттар киргенин тастыкташкан.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Күч структуралары Брянск облусунун аймагына кирген украиналык куралдуу согушкерлерди жок кылуу боюнча операция жүргүзүп жатат. Бул тууралуу РФтин Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) коомчулук менен байланыш борборунун маалыматында айтылат.
"Брянск облусунун Климовский районундагы чек арада Россиянын ФСБсы менен Коргоо министрлиги мамлекеттик чек араны бузуп кирген украиналык куралдуу улутчулдарды жок кылуу боюнча иш жүргүзүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Брянск облусунун бийлиги Климовский районундагы Любечане айылына диверсанттар киргенин тастыктаган. Бирок мектеп автобусу аткыланды деген ЖМКдагы маалымат төгүндөлгөн. Чалгындоо тобу Брянскидеги мектептерге, билим берүү жайларына кирбегени белгиленди.
Ал эми облус губернатору Александр Богомаз Украинанын диверсиялык-чалгын тобу Любечане айылына киргенин билдирген. Анын маалыматы боюнча, диверсанттар жүрүп бараткан автоунаага ок чыгарган. Натыйжада бир адам каза таап, 10 жаштагы бала ооруканага түшкөн. Губернатордун айтымында, Украинанын куралдуу күчтөрү учкучсуз учуучу аппарат менен Сушаны деген айылдагы турак үйгө жарылуучу каражат ыргытып, Ломаковка айылын миномёт менен аткылашкан.
Sputnik радиосу Тула облусунда жарылуу болгонун кабарлаган.
Нью-Делиде G20 өлкөлөрүнүн ТИМ жетекчилери Украинадагы абалды талкуулайт