"Красавчик!" Депутат Таштанбеков президенттин өкүлү Абытовду мактады

Абытов төрт жылдан бери аткаруу бийлиги менен парламенттин ортосунда өкүл болуп иштейт.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго баарына чыдап отурганы үчүн рахмат айтты.
Депутат Акбөкөн Таштанбеков
"Алмаз мырза, сизге ыраазычылыгымды айтайын дедим эле. "Сизге рахмат! Баарыбызга чыдап, ушул жерде койкоюп отурасыз. Мен беш-алты маселе көтөрдүм эле, анын негизинде прокуратура үчөө боюнча иш козгоду. Демек, сиздин ишиңиз аябай жакшы. Негизинен "красавчиксиз!" — деди депутат.
Алмасбек Абытов 2019-жылдан бери алгач өкмөттүн, кийин президенттик администрациянын Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү болуп эмгектенет.
Президентти кошоматчылар бузат. Иманалиев Түлөбаев менен кайым айтышты. Видео