УКМКнын спецназы Дубайдагы мелдеште алдыңкы ондукка кирди

Бейрасмий дүйнө чемпионаты Дубайда өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Дубайда өткөн UAE SWAT Challenge 2023 эл аралык мелдешинде УКМКнын 9-кызматынын атайын багыттагы аскерлери катышкан Кыргызстандын командасы 8-орунду ээледи. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитети билдирди.
1 / 2

Дубайда өткөн UAE SWAT Challenge 2023 эл аралык мелдешинде УКМКнын 9-кызматынын атайын багыттагы аскерлери катышкан Кыргызстандын командасы 8-орунду ээледи

2 / 2

Күч түзүмдөрүнүн атайын багыттагы аскерлери арасындагы бейрасмий дүйнө чемпионаты 20-24-февраль аралыгында өттү

Күч түзүмдөрүнүн атайын багыттагы аскерлери арасындагы бейрасмий дүйнө чемпионаты 20-24-февраль аралыгында өттү. Быйыл 28 өлкөдөн жарыяланган 65 команданын 55и мелдешке катышты.
"Беш күн бою курч таймашта атайын күчтөрдүн кызматкерлери ар кандай тактикалык тапшырмаларды аткарып, тоскоолдуктарды жеңип, ар кандай куралдардан бутага сокку урушту, ошондой эле "барымтадагыларды" бошотуп, жарадарларды эвакуациялашты", — деп айтылат маалыматта.
Акыркы этапта атайын күчтөрдүн кызматкерлери эң татаал тоскоолдуктардан өтүшкөн. Командалардын жарымы гана бул тоскоолдуктарды багынтышкан. КР УКМКнын 9-кызматынын жигиттери төрт мүнөттөн ашык убакыт көрсөтүшүп үчүнчү орунду ээлешкен.
Таймаштын жыйынтыгында биринчи орунду чечендердин "Ахмат" спецназы, экинчини Дубай полициясы алган.
Жапаров: үч жылда күч түзүмүндөгү кызматкерлердин баары үй менен камсыздалат