Россия Кыргызстанда кура турган 9 мектеп кандай болот? Видео

Жакынкы аралыкта тиешелүү документке кол коюу каралууда.
Sputnik
Россия президентинин администрациясынын чет мамлекеттер менен аймак аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын жетекчиси Игорь Маслов РФ менен Кыргызстан бир катар багыттар боюнча ийгиликтүү иштешип келе жатканын белгиледи. Ал эми Кыргызстандын ар кыл аймагына тогуз мектептин курулушу боюнча программага өзүнчө токтолду.
"Салына турган мектептин ар бири заманбап болуп, класстар жогорку технологиядагы жабдуулар менен камсыздалат. Ар бир мектепте экиден бассейн, күчтүү спорттук база болот. Окуу жайлардын баары 1 200 окуучуга ылайыкташкан", — деди ал.
Ал Кыргызстанга жакын арада вице-премьер Алексей Оверчук башында турган россиялык делегация келерин билдирди.
"Мектептердин курулушу жөнүндөгү өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюлат. Курулуш быйыл башталат. Россиялык бюджетте бул акча каралган. Сумма олуттуу, долбоорго жалпы жонунан 500 миллион доллар жумшалат", — деди Маслов.
Тема боюнча:
Россия ноябрда Кыргызстан үчүн тик учак чыгарышы мүмкүн