Кант диабети менен ооруган аялдан туулган эркек бала кандай илдетке кабылары айтылды

Гипоспадия – эркек баланын жыныс мүчөсүндөгү заара чыкчу тешиктин адаттагы ордуна эмес, башка жерге жайгашып калышы.
Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. 250 эркек баланын ичинен бири гипоспадия деп аталган заара чыгаруучу түтүктүн аномалиясы менен төрөлөт. Анын негизги себептеринин бири эненин кош бойлуу кезинде кант диабети, гипертония же ашыкча салмак менен жабыркашы экенин "Доктор Питер" басылмасына балдар хирургу, уролог-андролог Виталий Чертюк айтып берди.
Гипоспадия – эркек баланын жыныс мүчөсүндөгү заара чыкчу тешиктин адаттагы ордуна эмес, башка жерге жайгашып калышы.
Эненин ден соолугунан тышкары, гипоспадияга ара төрөлүү жана тукум куучулук да себеп болушу мүмкүн (4-10 пайыз).
"Дарылоонун бирден-бир жолу – бул хирургиялык коррекция. Операция үчүн оптималдуу курак 6 айдан 18 айга чейин", — дейт дарыгер.
Эскерте кетчү жагдай, бул "өзгөчөлүктү" бала ымыркай кезде ата-эне же педиатр аныктай албайт. Кандайдыр бир күмөн болсо, ата-эне бала туура бир жашка чыкканда хирургга кайрылышы керек.
Адистер гипертонияны алдын алуу жолдорун айтып беришти